Темир Сариев ЕАЭБге дагы үч мамлекетти кошууну сунуштады

Евразия жумалыгына экс-премьер Темир Сариев да катышты. Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин кеңейиши керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев "Евразия жумалыгы — 2019" ишкер форумунда ЕАЭБге Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кошулушу керектигин айтты.

Ал ошондой эле Евразия мамлекеттери өз ара мамилелерин талкуулоо үчүн КМШ жана ЕАЭБ сыяктуу аянтчалар керек экенин кошумчалады.

"Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кошулбай туруп толук евразиялык интеграция тууралуу айтууга болбойт. Ошол эле маалда ЕАЭБдин потенциалы болушу кажет. Ар бир мамлекет экономикалык жактан, инфраструктуранын өнүгүшү жана коопсуздук жактан пайдалуу болгон уюмга кирип жатканын түшүнүшү кажет", — деди Сариев.

Экс-премьер, андан сырткары, биримдикке киргенден кийин өзү билемдик кылбай келишимдерди аткаруу керектигин баса белгиледи.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" ишкер форуму өтүп жатат.