Өлкөгө 3 млн. сомдук жаңгак, какты мыйзамсыз киргизген киши кармалды. Сүрөт

"Ыкчам" бажысынын кызматкерлери 24-сентябрь күнү Ош шаарында Кыргызстандын жараны айдап бараткан DAF 105 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотуп текшерген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 892 720 сомдук кургатылган жемиштердин түрү жана жаңгактар бажы кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Ыкчам" бажысынын кызматкерлери 24-сентябрь күнү Ош шаарында Кыргызстандын жараны айдап бараткан DAF 105 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотуп текшерген.

"Машинанын жүк салуу бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 2 892 720 сомдук кургатылган өрүк, мейиз, компот аралаштырмасы, тазаланган жаңгак жана өрүктүн данектери табылган", — деп айтылат.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө органдарына өткөрүп берилди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.