2020-жылы Кыргызстанда чегилген миңдеген күмүш тыйын чыгарылат

Күмүш тыйындын баасы 10 сом. Мындан сырткары, Улуттук банк жез-никель монетаны эки эсе көбүрөөк чегерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Улуттук банк 2020-жылы коллекциялык 15 миң тыйын чыгарарын маалымат кызматы кабарлады.

Алардын ичинен 5 миңи күмүш (10 сом), 10 миңи жез-никель (1 сом) болмокчу.

Монеталар төмөнкү даталарга арналып чыгарылат:

  • "Жеңиштин 75 жылдыгы" — 1 миң күмүш жана 5 миң жез-никель;
  • "Күрөш" (белбоо менен күрөш), ал "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары" сериясына кирет — 1 миң күмүш жана 5 миң жез-никель;
  • "Чолпон" жомогу, "Кыргыз уламыштары жана жомоктору" сериясына кирет — 1 миң күмүш тыйын;
  • "Кызыл жоогазын" — 1 миң күмүш тыйын;
  • "Орто Азия таш бакасы" — 1 миң күмүш тыйын.

Акыркы эки 1 тыйындык монета "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясына кирет.