Тыныбекова UWW рейтингинин сап башына чыкты. Эми айына 75 миң сомдон стипендия алат

Сентябрь айынын ортосунда Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон. Балбан финалда болгариялык Тайбе Юсейн менен кармашып, 5:3 эсебинде уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин (United World Wrestling) версиясы боюнча аялдар арасында 62 килограмм салмак ченинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды. 

Жаңы тизме Нур-Султан шаарындагы дүйнө чемпионатынан кийин түзүлдү.

Ошондой эле балбан кыз 1-октябрдан тарта ай сайын 75 миң сомдон стипендия алып турарын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

“Буга чейин Тыныбекова 60 миң сом өлчөмүндөгү стипендия алып келген. Эми өкмөттүн токтомуна ылайык келерки Олимпиадага чейин, тагыраагы, 2020-жылдын 11-октябрына чейин 75 миң сомдон стипендия алып турат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованын ата-энесин да сыйлады. Сүрөттөр
Белгилей кетсек, сентябрь айынын ортосунда Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон. Балбан финалда болгариялык Тайбе Юсейн менен кармашып, 5:3 эсебинде уткан. Атаандашы Европанын жана дүйнөнүн чемпиону экендиги маалым.

Спортчу мекенине кайтып келген соң өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков ага үч бөлмөлүү үй тапшырган. Ошондой эле мамлекет башчы анын машыктыруучусун жана ата-энесин кошо сыйлаган.