Абылгазиев министрге: азыр акысыз дарылангандар барбы, сурап көрүңүзчү?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министр Космосбек Чолпонбаевди саламаттык сактоо тармагын реформалоого чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Саламаттык сактоо тармагын элдин нааразычылыгын жойгудай кылып реформалаш керек. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отурумунда Космосбек Чолпонбаевге кайрылды.

"Сизден реформаларды күтөбүз. Эл билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына нааразы. Азыр акысыз дарылангандар бар бекен, элден сурап көргүлөчү? Бардыгы акча төлөшөт. Бирок ал акча бюджетке түшпөй жатат. Мындай механизмдердин бардыгын ачыкка чыгарыш керек", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев саламаттык сактоо тармагына миллиарддаган сом бөлүнүп жатканын белгилеп, системанын чыгымдарын оптималдаштыруу керек экенин кошумчалады.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал