Жээнбеков "Бир айыл — бир продукт" долбоорун жайылтууну колдойт

Мамлекет башчысы кийизден жана териден жасалган түрдүү буюмдарды, экологиялык жактан таза кайра иштетилген айыл чарба продукциясын, азык-түлүктөрдү көрүп чыгып, ар бир айыл жана район жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно аларын белгиледи.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 26-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Бир айыл — бир продукт" долбоорун Кыргызстандын ар бир облусунда ишке ашырууну колдой турганын айтты.

Жээнбеков Жети-Өгүздүн Дарханына мектеп качан куруларын айтты
Мамлекет башчысы бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна барып Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылындагы "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун ишмердиги менен таанышты.

Мамлекет башчысы кийизден жана териден жасалган түрдүү буюмдарды, экологиялык жактан таза кайра иштетилген айыл чарба продукциясын, азык-түлүктөрдү көрүп чыгып, ар бир айыл жана район жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно аларын белгиледи.

"Биз кайра иштетүү ишканаларын куруу ниети жана тиешелүү долбоорлору бар айыл ишкерлерине өзгөчө көңүл буруудабыз. Бардык финансылык, кредиттик, бюджеттик саясатты дагы региондорго багыттадык. Биздин өлкөдө аймакты көтөргүсү келген адамдар көп, аларга колдоо керек. Ошону колго алып жатабыз", — деди президент.

Жээнбеков эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырыла баштаган "Бир айыл — бир продукт" долбоорун ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн япон эл аралык кызматташтык агенттигине (JIKA) ыраазычылыгын билдирди.