Жээнбеков Ысык-Көлдүн суу чыкпаган айылдарынын абалын көрдү

Айылга суткасына 120 литр суу соруп чыга ала турган, 80 метр тереңдиктен суу алып чыгуучу скважина орнотулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган президент Сооронбай Жээнбеков бир нече айылдын таза суу, сугат системасын көрүп, Ичке-Булуң айылына киргизилип жаткан таза суу системасынын курулушу менен таанышып, капсула салды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Айыл тургундарынын айтымында, бул айылда суу көйгөйү Советтер Союзу тарагандан бери көйгөй болуп келген.

Учурда 31 миллион сомго таза суу менен камсыздай турган жай курулууда.

"Облуста 54 айыл таза сууга муктаж. Аларга таза суу тартуу боюнча иш кылып жатабыз. Ичке-Булуң айылында "Жумгал суу курулуш" компаниясы иш алып барып жатат. Айылга суткасына 120 литр суу соруп чыга ала турган, 80 метр тереңдиктен суу алып чыгуучу скважина орнотулат", — деди Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 1968-жылы курулган суу менен камсыздоочу системалар керектен чыккан.

Бул иш-чарадан соң Жээнбековдун Жети-Өгүз районунун Тилекмат жана Светлая-Поляна айылдарында болуп, Кызыл-Суу айылында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрөрү айтылды.