Жээнбеков Жети-Өгүздүн Дарханына мектеп качан куруларын айтты

Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты эми аймактардагы авариялык абалда турган мектептерди оңдоого жумшаларына токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна болгон сапары учурунда аймактагы авариялык мектептер качан оңдоло баштай турганын айтты.

Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы республика боюнча 198 мектеп авариялык абалда экенин айтып, анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда төрт мектептин абалы начар экенин билдирди.

Таласта №2 мектепке ашкана салынып, ысык тамак бериле баштады. Видео
Өлкө башчы ошондой эле быйыл республика боюнча алты авариялык мектепте курулуш иштери башталып, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштарын кошумчалады. Ысык-Көл облусунун калган 18 мектебинде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшаларына токтолду.

Президент коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, анын эсебинен окуучулар батпай жаткан жалпы Бишкек шаарындагы жети, Чүй облусундагы жети, Ош шаарындагы бир мектепке кошумча корпустар салынып жатканын айтты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.