Пара алып кармалган милиционерлер убактылуу кармоо жайына киргизилди

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБинин кызматкерлери пара талап кылганы боюнча эки арыз келип түшкөн. Алар 24-сентябрда түндө кармалган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте пара алып жаткан жеринен кармалган Октябрь РИИБдин төрт милиционери убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Соттун өкүмүнө ылайык, алар №1 тергөө абагында 23-ноябрга чейин кармалышат. Милиционерлер 24-сентябрдын түнүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кармалган.

Тинтүү учурунда 1000 доллар табылган. Буга чейин алар 5 000 доллар жана беш миң сом талап кылып жатканы боюнча арыз түшкөн.