Кыргыз-кытай чек арасы октябрда жабылат

Чек араны жабуу демилгесин кытай тарап көтөргөн. Өлкөдө билим күнү майрамдалат. Көзөмөл өткөрүү бекеттеринин бири 3-октябрда, дагы бири 7-октябрда ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, чек араны жабуу демилгесин кытай тарап көтөргөн.

"Кытайда билим күнү майрамдалат. Буга байланыштуу "Торугарт" көзөмөл өткөрүү бекети 1-октябрдан 6-октябрга чейин жабык болот. Аталган пункт жарандар менен транспорттор үчүн 7-октябрда ачылат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү бекети 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылып, 4-октябрда ачылат.