Эксперт: ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды жоюуда экспорттук потенциалды пайдалануу керек

Өкмөт башчынын кеңешчиси Кубат Рахимов ЕАЭБде ички маселелерге өтө көп көңүл бурулуп, биримдиктин экспорттук потенциалы унутта калып жатканына токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. ЕАЭБде мамлекеттер ортосундагы компанияларды түзүп ишке киргизүү ар кандай тоскоолдуктар менен күрөшүүгө чоң жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси Кубат Рахимов Евразия жумалыгынын "ЕАЭБдин ички рыногу — мифтер жана реалдуулук" сессиясында айтты.

Ал ЕАЭБдин ички маселелерине өтө көп көңүл бурулуп, биримдиктин экспорттук потенциалы унутта калып жатканына токтолду. Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясы сунуштагандай жол менен барып, мамлекеттер ортосундагы компанияларды түзүүнү сунуштады.

"Мындай компанияларды күчтөндүрүп алсак, ишенип койгула, өздөрү эле биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жокко чыгарып коет. Рыноктун табияты ушундай, бир нече өлкө биригип түзгөн корпорациялар тоскоолдуктар менен биз ойлогондон дагы эффективдүү күрөшөт", — деди Рахимов.

Анын айтымында, тышкы экспансияга канчалык көп артыкчылык берилсе, ички көйгөйлөр ошончолук бат чечилет.