YouTube-каналынан 500 миң доллар тапкан наристе. Баары кантип башталган?

Настя төрөлгөндө дарыгерлер ымыркай шал болуп калганын айтып, сүйлөй да, баса да албай турганын билдиришкен. Бирок медиктер божомолдогондой болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Краснодар крайынын (Россия) беш жаштагы жашоочусу Настя Радзинская ата-энеси менен биргеликте YouTube-каналынан айына 200 миңден 500 миң долларга чейин каражат табат. Бул тууралуу Forbes жазды. 

Йоханссон, Кидман, Энистон... Forbes эң кирешелүү актрисаларды аныктады
Настя төрөлгөндө дарыгерлер ымыркай шал оорусуна тушукканын айтып, сүйлөй да, баса да албай турганын билдиришкен. Бирок ата-энеси үмүтүн үзбөстөн кызын дарылоого бардык күчүн жумшаган. Акыры аракетинин акыбети кайтып, наристе сакайып кеткен.

Терапиялардын бири камера менен иштөө болгон: алар Настяны коомго, айлана-чөйрөгө көндүрүү үчүн ушундай кадамга барышкан. Жакшы жыйынтык алыш үчүн ата-эне баланын актёрдук чеберчилигин өнүктүрүүгө басым жасай башташкан. Кийин жубайлар кыздын белектерди ачып жаткан видеосун интернетке жүктөшкөн. Наристенин энесинин айтымында, ал кезде YouTube каналынан каражат тапса болору тууралуу окутуучу материалдар болгон эмес.

Бир нече убактан кийин канал киреше алып келип, Настяны башка мамлекеттеги балдар тааный баштаган. Блог ишке киргенден беш ай өткөндөн кийин YouTube 20 000 рубль төлөп берип, үй-бүлө мүчөлөрүн кубандырган. Убакыт өткөн сайын киреше көбөйө берген. Мындан улам жубайлар англис, араб жана испан тили боюнча котормочуларды жалдап, алар Настянын үнүн коштогон.

Бүгүнкү күндө Настянын беш каналынын катталуучуларынын саны 87 миллиондон ашат. Ал эми бир айлык кирешеси 200 миңден 500 миң долларга чейин жетет.