КР тышкы иштер министри БУУнун баш катчысы менен жолукту

Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Башкы катчыны колдорун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарына катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Башкы катчыны колдоорун белгиледи.

"Министр дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө багытталган ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө БУУнун ишине оң баа берди. Андан сырткары, Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан бардык багыттар боюнча өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн бир катар улуттук деңгээлдеги стратегиялык документтери кабыл алынгандыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз өкмөтү кайтарылчу ар бир бала үчүн Иракка 400 доллар төлөйт. Маек
Тараптар курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Борбор Азияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашты.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.