Радио

Акушер-гинеколог: гименопластика жасатам деген кыздар көбөйдү

Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова гименопластика жасаткан кыздар көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Акушер-гинеколог: гименопластика жасатам деген кыздар көбөйдү

Гименопластика жасатканда эле маселе чечилип кетпейт. Мындай пикирин Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыз турмушка чыкканга чейин абийирин сактап жүргөнү эле жакшы.

"Кайрылуулар болуп жатат. Бирок статистика менен айта албайм. Учурда гименопластикага, башкача айтканда, пластикалык жол менен кыздык белгини калыбына келтирүүгө болгон суроо-талап көп болуп жатканын башка клиникалардагы кесиптештер менен сүйлөшкөндө угуп калабыз. Мурда операцияга келгендер жокко эсе эле. Интернеттен пайдасы бар деле, жок деле маалыматты алып, кайра жасатып алса болот экен деген ойдо мына ушундай кадамга барып жатышат. Мындай кылган туура эмес, кыздар абийирин сактап, өзүн таза алып жүрүшү керек. Турмушка чыкканда гана жыныстык катнашка барганы өзүнүн ден соолугуна да жакшы", — деди дарыгер.

Арстанбекова сактанбай жыныстык катнашка барууда түрдүү ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар экенин кошумчалады.