ЕЭК министри Sputnik агенттигине ыраазычылык кат тапшырды

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина интеграциялык процесстерди чагылдыруу атамекендик пресса үчүн абдан маанилүү болгонун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Вероника Никишина Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Евразия жумалыгын мыкты чагылдырганы үчүн агенттиктин жетекчиси Елена Череменинага ыраазычылык кат тапшырды. 

ЕЭК министри Sputnik агенттигине ыраазычылык кат тапшырды

Череменина бул тема атамекендик пресса үчүн абдан маанилүү болгонун белгиледи.

"Эл Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу канчалык көп маалыматка ээ болсо, биримдикке байланышкан өзгөрүүлөр ошончолук тез жана жеңил өтөт. Биздин негизги максат — окурман жүрүп жаткан процесстерге ишениши үчүн аларга так маалымат жеткирүү", — деди Череменина.

Ыраазычылык каты "Мир" телеканалына, "24.kg", "Кабар" маалымат агенттиктерине, "Биринчи радиого" жана башка ЖМКларга берилди.