БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте россиялык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Бул иш-чара Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому тарабынан уюштурулуп, Бишкек жана Кыргызстан епархиясында көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
Бул сүрөттөр Ленинград облусундагы Достук үйүнүн директору Владимир Михайленко тарабынан санариптештирилип, Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Художниктердин "Этновзгляд" чыгармачыл бирикмеси түрдүү темада ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруп келет.
30дан ашык тематикалык сүрөттөр "Ленинграддын ыйык жерлери" долбоорунун алкагында бириктирилип, көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. 2017-жылдан бери бул долбоор көптөгөн жерлерди кыдырып чыкты. Тактап айтканда, чиркөөлөргө, монастырларга, мектептерге, музейлерге, ошондой эле Россиянын президентинин китепканасына коюлган.