Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев камакта калтырылды

Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча иш козголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевди Биринчи Май райондук соту 8-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Эске сала кетсек, Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу") иш козголгон.

Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү
Сагымбаев Атамбаев кармалганга чейин аны кайтарып жүргөн. Жан сакчы болуп мамлекет тарабынан бекитилген. Мыйзамга ылайык, президент кызматын тапшырып бергенден кийин ага мамлекет жан сакчы дайындап бериши керек.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес.

"Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген. Сагымбаев ошол учурда Атамбаевдин жанында жүргөн.