Бизнес, бийлик жана жаман студент. Саркисян Кыргызстанды сындады

Тигран Саркисян Кыргызстандын бийлиги менен бизнести сындады. Ал ЕАЭБден пайданы болушунча алыш үчүн бюрократиялык тоскоолдуктардын баарын азайтыш керек болчу деген пикирде.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян эмне үчүн кыргыз бизнесинин өлкө ЕАЭБге киргенден кийин күткөнү акталбай калгандыгын айтты.

Бишкектеги дүкөндөрдү кыдырган россиялык эксперт нааразы болду
Саркисян Бишкекте өтүп жаткан "Евразия жумалыгы" деп аталган ишкерлер форумунда сүйлөдү. Ал Кыргызстан ЕАЭБден көптү күткөнүн, элдин "бардык экономикалык жана социалдык көйгөйлөр чечилет" деген ишеними болгондугуна токтолду.

Төраганын айтымында, ЕАЭБдин жана бийликтин дарегине айтылган сын акталды. Мамлекеттик органдар бизнестин ЕАЭБ аймагында иштешине тоскоол болгон себептердин бардыгын жок кылышы зарыл эле. Саркисян Кыргызстан аталган биримдикке киргендеги бюрократиялык тоскоолдуктардын баарын болушунча азайтыш керек болчу деген пикирин билдирди.

"Бир жагынан караганда көптү күтүшкөн, бизнес жалпы рынокко даяр эмес эле дешти. Бул мүмкүнчүлүктөр эле эмес, атаандаштык дагы экендиги баарыбызга белгилүү. Биз муну менен кыргыз ишкерлерине эле эмес, башка өлкөлөрдүн бизнестерине да шарт түзүп берип жатабыз да. Демек, кыргызстандык өндүрүшчүлөр кээ бир товарлардын түрү боюнча атаандаштыкка даяр эмес экен", — деди Саркисян.

Ал кыргызстандык бизнесмендерге жардам бериш үчүн ишкерлер үчүн товарлардын өзүнчө критерийин киргизишкендигин айтты.

"Жалпы тарифке өтүү мезгили келип жеткенде силер даяр эмес болуп чыктыңар. Экзаменге бир күн калганда даярданган студенттердей болдуңар. Бизнестин бул шарттарга даярданышына бир нече жыл  каралган. Алар кечээ кылгандарын эле жасай берсе, жашоо өзгөрбөйт деп ойлогон. Бирок бизнес жаңы шарттарга ылайыкташы керек эле да. Жашоону өзгөртүш үчүн жаңы бир кадамдарды жасоо керек эмеспи", — деген комиссия жетекчиси.

Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир
Саркисян бул үчүн бизнес менен мамлекетик органдын, тагыраагы, Евразиялык экономикалык комиссия ортосунда диалог керектигин айтты. Ишкерлер ЕАЭБге кандай чараларды киргизип, кантип өнүгүү зарылдыгын түшүнүшү керектигин кошумчалады.

"Евразия жумалыгы — 2019" деп аталган эл аралык көргөзмө форуму 25-27-сентябрь күндөрү өтөт. Иш-чара 2016-жылдан тарта жыл сайын интеграциялык уюмга кирген өлкөлөрдүн борборунда өткөрүлүп келет. Форумда иштиктүү 25 жана социалдык беш иш-чара өтөт.