"Ош" базарынын сатуучулары кайрадан митингге чыгышты. Талаптары

Топтолгондордун алдына мэриянын өкүлдөрү чыгып, 30 кишини Суракматов менен жолугуштуруу үчүн алып кирип кетишти. Калгандары имараттын алдында күтүп турушат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Ош" базарынын аймагындагы "Берекет универсал" кичи базарынын сатуучулары тынчтык митингине чыгышты.

Жалпы жонунан 200-250гө жакын адам чогулган. Митингчилер базардан Ак үйгө чейин барып, 10 мүнөттөй турушту. Андан соң жарандар калаа башчысы Азиз Суракматов менен жолугуу үчүн мэрияны көздөй жөнөштү.

Акцияга чыккандар рынокту муниципалдык кылып, электр энергиясын кошуп берүүнү талап этишүүдө. Топтолгондордун алдына мэриянын өкүлдөрү чыгып, 30 кишини Суракматов менен жолугуштуруу үчүн алып кирип кетишти. Калгандары имараттын алдында күтүп турушат.