БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кытайдын Пекин шаарына жакын жерде курулган дүйнөдөгү эң чоң "Дасин" аэропорту ишке берилди. Бул тууралуу Кытайдын ЖМКлары жазды.
Башында аэропорт 30-сентябрдан тарта ишке берилери айтылган. Бирок жергиликтүү басылмалардын жазашынча, аэропорт алгачкы каттамдарды 25-сентябрдан тарта кабыл алат.
Аба майданын куруу долбоорунун жетекчиси Ли Цзяньхуа SkyTeam альянсына кирген бардык авиакомпаниялар жаңы аэропортко көчөрүн билдирген. Ал эми Star Alliance биримдигине кирген авиакомпаниялардын учактары "Шоуду" аэропортуна конуп турат.
"Дасин" аэропорту дүйнөдөгү эң ири аба майданы деп табылды. Анын чатыры болоттон жабылган эң чоң конструкция. Башкача айтканда, 25 футбол талаасынын аянтына барабар. Анын чатырын иштеп чыгууга дүйнөгө белгилүү архитектор жана дизайнер Заха Хадид катышкан.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.