Ирактан кыргызстандыктардын 70 баласы мекенге кайтарылууга тийиш, себеби ал наристелердин ата-энелери качандыр бир кезде бул өлкөгө согуштук аракеттерге катышууга жөнөп кетишкен. Кичинекей мекендештердин аталары кайда экени белгисиз, энелеринин көпчүлүгү узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Кыргызстандын өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте балдарды ата-энелеринин туугандарына кайтарып берүүнү чечкен, бирок бул маселе оңой-олтоң ишке ашчу нерсе эмес. Көпчүлүгү жети жашка да толо элек наристелерди кайтаруу үчүн дипломатиялык байланыш гана тургай, бир топ каржылык салым да зарыл.
Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын кайтарып алуу жана жарандыгын калыптандыруу боюнча иш кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучулары Тимур Осмонов жана Наталия Князева БУУнун ЮНИСЕФ Балдар фондусунун КРдеги өкүлүнүн орун басары Мунир Мамедзаде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова менен маек курушту.
— Эмнеден улам Ирактан балдарды кайтаруу чечими кабыл алынды?
Мунир Мамедзаде: — ЮНИСЕФ балдарды өлкөсүнө кайтаруу жана жарандыгын калыптандыруу боюнча дүйнөлүк деңгээлде иш алып барат. Биздин эсеп менен дүйнөнүн булуң-бурчунан Сирияда 25 миң, Иракта 9 миңдин тегерегинде бала бар, басымдуу бөлүгү мектепке чейинки куракта.
Маалыматтар айырмаланышы ыктымал, бирок биздин санак боюнча Сирияда Кыргызстандан барган 150 аял жана алардын 350 баласы бар. Бул өлкөдө аймактардын бир тобу мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, бул сүйлөшүү процессин ого бетер татаалдаштырат. Жакын арада бул маселе да чечилип калар деп үмүттөнөбүз.
— Ушул тапта Ирактан 78 баланы кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Вице-премьер Жеңиш Разаковдун билдиргенине караганда, Кыргызстан аларды кабыл алууга даяр, бирок экинчи тараптын бийлиги менен айрым пикир келишпестиктер бар. Иш азыр кайсы баскычта?
Ализа Солтонбекова: — Биз тараптан уюштуруу маселелери толук чечилди. Тышкы иштер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринен жумушчу топтун курамы аныкталган. Алар Иракка эки этап менен жөнөшмөкчү: биринчиси — сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана документ иштерин бүтүрүү, экинчиси — балдарды кайтарып алуу. Азыр Ирак бийлиги бизди качан кабыл алууга даяр болорун күтүп турган чагыбыз.
М.М.: — Кайтаргандан кийин жарандыгын калыптандыруу процесси баарынан татаал жана узак болот. Балдарды интернатка көп убакытка жайгаштырып койбоо керек, ошондой эле бардык юридикалык маселелерди чечип, балдардын аты-жөнүн, кайсы үй-бүлөлөргө берилеринен эч кимдин кабардар болбошу үчүн купуялуулук сакталууга тийиш.
— Эмнеликтен балдарды энелери менен чогуу кайтара албайбыз?
А.С.: — Жарандарыбыз Ирактын чек арасынан мыйзамсыз өтүшкөн жана соттолушкан. Азыркы учурда алар бала-чакасы менен түзөтүү колонияларында. Кичинекей жарандар андай шартта калбоого тийиш. Аялдар өз абалын түшүнүп, балдары мекенге кайтарылуусун каалап турушат.
— Кыргызстандын өкмөтү Ирак бийлигине ар бир бала үчүн 400 доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө тийишпи?
— Наристелердин Кыргызстандагы тууган-туушкандарын табуу кыйынга турдубу?
А.С.: — Аябай кыйын болду. Биздин жарандар Иракка кеткенден кийин алардын жакындары күч органдарына келишкен. Андан соң көбү көчүп кеткен, байланышка чыгуудан чочулашкан. Бирок алардын жээндери жана неберелери кайтарыларын угуп, өздөрү да кызыкдар болуп калышты. Ушул тапта биз бир гана үй-бүлөнү таба элекпиз.
Бир наристенин туугандарын издеп жатканыбызда атасы жактан жакындарын тапканбыз. Анан камкордукка алуу боюнча документтерди даярдап жатканыбызда баланы карамагына алгысы келген энесинин туугандары да табылып калды. Биздин кызматкерлер эки тараптын тең турак жай шартын, моралдык даярдыгын текшерүүдө. Эң башкысы, бала өзүн жакшы сезип жана беш жылдан кийин кайра берип салбагыдай камкорчулар болушу керек.
— Соңку кезде кыргызстандык мигранттар расмий камкорчулукка бербестен, туугандарына, андан да кейиштүүсү, коңшуларына балдарын таштап коюп кеткени көп учуроодо. Тилекке каршы, андай көрүнүштөр жөнүндө ошол балдар менен болгон кайгылуу окуялардан кийин гана билип жатабыз. Бул учурда бала үчүн юридикалык жоопкерчилик кимде?
— Балдар толугу менен туугандарынын карамагына өтөбү же мамлекет башта аларга көмөк көрсөтө алабы?
А.С.: — Камкорчулукка баланы материалдык жактан камсыздай ала турган гана үй-бүлөлөр документ бере алат, ошондуктан башка артыкчылыктар болбойт. Бул боюнча Тажикстандын тажрыйбасын карап чыктык. Аталган өлкөнүн өкмөтү балдарды лагерь жана санаторийге эс алууга алпарышкан. Башка тажик балдардан: "Мен пахта терем, лагерге эч качан барган эмесмин, ал эми мунун ата-энеси Сирияга кеткен, азыр ал эс алып жатат", – деген сөздөр чыккан. Артыкчылык коомчулукта, ал тургай, балдардын арасында терс көрүнүш жаратышы мүмкүн. Ошол себептен аларды жакындары үйүндө багышат.
— Мектеп жана бала бакчадагы билим берүү жагы кандай жүрмөкчү?
М.М.: — Эгер балага жалпы билим берүүчү же мектепке чейинки мекемелерге көнүп кетүү үчүн атайын программалар талап кылынса, биз көмөк көрсөтөбүз.
— Бул маселелер боюнча бардык жол-жоболор качан аяктап, балдар мекенге кайсы маалда кайтарылып калат?
А.С.: — Сүйлөшүүлөргө караганда, келерки айдын башында бүтүп калат. Ал эми октябрдын аягында, эгер баары чечилип калса, балдарды алып келип, реабилитациялоо ишин баштайбыз.