Кыргызстанда канча тонна алтын казылып алынган? Сандар

Өткөн жылы республика аймагында 22 тоннадан ашык алтын, 21 тоннадан көбүрөөк күмүш казылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы кен байлык көбүрөөк казылгандыгын тизмектейт.
Sputnik

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкө аймагынан 2018-жылы 8 503 тонна жез, 22 356 килограммдан ашык алтын, 20 808 килограммдай күмүш казылган. Эң көп алтын Кумтөр кенинде өндүрүлгөн.

Баалуу кен байлыктарды 15тен ашык компания казса, ондогон ишкана чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Өткөн жылы ал кендерден өлкө казынасына 14 миллиард сомдой акча түшкөн.