БУУ жыйынында Иванка Трамптын көйнөгү элди бушайманга салды. Сүрөт

Соцтармактын пайдалануучулары президенттин 37 жаштагы кызы жыйынга ич кийимсиз келгенин жазып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШ президентинин тун кызы Иванка Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн жыйынына кийип келген кийиминен улам соцтармактын сынына кабылды. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Иш-чарада түшкөн сүрөттөрүн Иванка Instagram баракчасына жүктөгөн.

37 жаштагы Иванка Трамп жыл сайын өтүүчү Concordia саммитине ак юбка, көк түстөгү көйнөк кийип келген.

Айрымдар анын ич кийимсиз келгенин айтышты.

"Баарыңар эле мен көргөндү көрүп жатасыңарбы?" — дешкен соцтармактагылар.

Мелания Трамп тасманы кесе албай оңтойсуз абалда калды. Видео
Кийинчерээк президенттин кызы тигиши жок ич кийим кийип жүргөнү белгилүү болгон. Көпчүлүк Иванканын көрүнүшүн талкуулап, президенттин кызы элди бушайманга салгысы келгенин, бул аракети менен максатына жеткенин да жазып жиберишти.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 17-сентябрь күнү Нью-Йоркто ачылды. Саясий дебаттар 30-сентябрга чейин уланат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.