Бишкекте Sprinter коюп кеткен пенсионер аял каза болду

Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй баратып 61 жаштагы аялды коюп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте бус коюп кеткен аял каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык кечээ, 24-сентябрда, саат 20.30дар чамасында 7-апрель көчөсүндө (Түштүк магистралдан алыс эмес) болгон.

"Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй баратып 61 жаштагы аялды коюп кеткен. Пенсионер алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге автоинспекторлор менен медиктер жетип барган. Унаа айып короого токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө кызматына жөнөтүлдү. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.