Баткенде үч коңшу өлкөнүн куткаруучулары машыгуудан өтүштү. Сүрөттөр

Иш-чаранын максаты — коңшу мамлекеттер менен ар кандай табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга тез арада чара көрүү, бирге аракеттенүү жана элге ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн жолдорун иштеп чыгуу.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтери Баткенде биргелешкен машыгуу өткөрдү.

"Баткен — 2019" деп аталган эл аралык машыгуу үч өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен коллегиясынын чечими менен ишке ашырылып жатат.

Учактар жана БТРлер. Кыргызстан менен Россия Балыкчыда аскерий машыгуу өткөрдү
Сценарий боюнча Баткен шаарында жана Баткен районунун тоолуу аймактарында табигый кырсык болуп өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Анда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын куткаруучулары кырсыктын кесепетин жоюу үчүн биргеликте иш жүргүзүштү.