БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Көзүнөн кристалл аккан армениялык 22 жаштагы Сатеник Казаряндын үй-бүлөсүнүн айласы кете баштады. Буга келиндин көзүнөн чыккан "брилианттардын" көлөмү чоңоюп жатканы себеп болгонун Sputnik Армения агенттиги жазды.
Келиндин жолдошу Сурен Меликяндын айтымында, бир нече күндөн бери кристаллдардын саны азайганы менен көлөмү чоңоюп кеткен.
"Эки ай мурда Сатениктин көздөрүнөн күнүнө 50дөй кристалл чыгып жаткан. Азыр саны азайып, бирок чоңураак боло баштады. Көздөрү сезгенип, ооруп жатат. Жергиликтүү ооруканаларга барбай деле калдык. Анткени алар жубайыма жардам берет деген ишеним аз. Ушул күнгө чейин диагноз коюла элек", — деди жолдошу.
Эске салсак, бир нече күн мурда армениялык 22 жаштагы келин ооруп айыккандан кийин эле көзүнөн кристалл чыгып калганы белгилүү болгон. Башында күн сайын көзүнөн 50гө жакын түсү жок кристалл чыгып турган. Бейтап бардык дарыгерге кайрылганын, бирок ушул күнгө чейин так диагноз коюлбай жатканын айткан.
Маалыматка караганда, өзгөчө кеселге чалдыккан келиндин материалдык абалы дагы жакшы эмес. Өзү 15 жашында турмушка чыккан. Азыр беш жаштагы уулу бар. Жолдошу биринчи топтогу майып. Кайнене, кайнатасы пенсионерлер. Эгер чет өлкөдө дарыланууга туура келип калса, төркүнүнөн дагы жардам ала албайт. Апасы аны жана башка төрт бир тууганын жалгыз чоңойткон.