Президент Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованын ата-энесин да сыйлады. Сүрөттөр

Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чемпион болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы, машыктыруучусу жана ата-энесин кабыл алып, баалуу белектерин берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Тыныбекованын машыктыруучусу спортчуга үч бөлмөлүү батир белек кылынганын айткан.

Жээнбеков спортчу менен жолугушуу маалында ага куттуктоо сөздөрүн айтты.

"Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы машыктыруучусу Нурбек Изабековго жана ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Президент спортчуга Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага КР президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.