Ош: туулган күндө окуучулар менен мугалимдер тортко ууланды

Тортко уулангандар 2019-жылдын 23-сентябрында саат 20:40тар чамасында облустук ооруканага кайрылышкан.
Sputnik

ОШ, 24-сен. — Sputnik. Ош шаарында алты окуучу жана эки мугалим тортко ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов билдирди.

Мурзашев: арзандатуу учурунда алынган тамак-ашка уулангандар көп
Маалыматка ылайык, тортко уулангандар 2019-жылдын 23-сентябрында саат 20:40тар чамасында облустук ооруканага кайрылышкан.

Учурда балдар ооруканасында алты окуучу дарыланып жатат. Эки мугалим облустук ооруканага которулду. Гапар Айтиев орто мектебинин жетекчилиги аталган мектепте иштеген мугалим небересинин туулган күнүн белгилөө үчүн торт алып келгендигин билдирди. Тортту 3-класста окуган 20га жакын окуучу жеген. Алардын ичинен алты окуучу ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү.

"Учурда окуучулардын абалы орто. Дарыгерлер көзөмөл кылууда", — деди Абжалов.

Окуучулардын ата-энелери доосу жок экендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган эмес.