БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Былтыркы жылдын 31-декабрынан бери тышкы карыз азайып, бирок ички карыз көбөйгөн. Жалпысынан алганда мамлекеттик карыз (тышкы жана ички карыз) кыскарган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Быйыл 30-июлга карата карыздардын өзгөрүшү төмөнкүдөй болгон:
- Мамлекеттик карыз 10,4 миллион долларга кыскарган;
- Тышкы карыз 58,3 миллион долларга азайган;
- Ички карыз 47,9 миллион долларга көбөйгөн.