Министр Исаков биринчи иш сапарын Таластагы авариялык мектептен баштады

Учурда Таластагы мектепте 100 баланын ордуна 200 окуучу билим алып жатат. ӨКМ билим берүүчү бул жай боюнча төрт жыл мурда эле авариялык абалда деп бүтүм чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун алгачкы иш сапары Таластагы авариялык мектептин абалы менен таанышуудан башталды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Министр Талас районундагы үч билим берүү мекемесине барган.

Алгач 100 окуучуга ылайыкташкан, бирок учурда 200 бала билим алып жаткан Балбал орто мектебине барган. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015-жылы мектеп авариялык абалда деген бүтүм чыгарган. Жаңы мектепти куруу иштери 2015-жылы башталып, пайдубалы салынып, бирок жумуш токтоп калган. Министр окуу жайдын курулушун жандантууну 2020-жылдын бюджетинин эсебинен ишке ашыруу планы бар экенин билдирди.

Жаңы министр Исаков Кудайбердиеванын иши боюнча пикирин билдирди. Видео
Исаков андан кийин учурда класстык бөлмөлөр окуучулар үчүн жатаканага бөлүнүп кеткен Казак Момункулов орто мектебине барган. Себеби бул билим берүү мекемесине 2018-жылы "Манас" лицей-интернаты кошулган. Министр бул маселени да келерки жылдын иш планына киргизүүгө аракет кыла турганын айткан.

Жумуш сапарынын аягында Исаков Талас районундагы №18 "Нагима апа" бала бакчасы менен таанышкан.

Исаков билим берүү жана илим министри кызматына 11-сентябрда дайындалган. Мурдагы жетекчи Гүлмира Кудайбердиева кызматындагы кемчиликтер үчүн ишинен алынган.