Радио

Бузурманов: брекетти чечкенден кийин тиш кайра кыйшайышы мүмкүн

Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов брекетти чечкенден кийин эмне кылуу керектигин айтты.
Sputnik
Бузурманов: брекетти чечкенден кийин тиш кайра кыйшайышы мүмкүн

Брекетти чечкенден кийин "капа" же ретейнер орнотуу керек. Бул тууралуу адис Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дарыгердин айткандарын так аткарса жыйынтыгы да жакшы болот.

"Брекетти чечкенден кийин тиш мурдагы калыбына келбесе дагы, кандайдыр бир деңгээлде кайра кыйшаюусу мүмкүн. Бул дарыгердин айткан талаптарын толугу менен аткарбагандан улам болушу ыктымал. Негизи брекетти чечкенден кийин катуу пластмасса "капа" кийилет. Бул анын жылып кетүүсүнө жол бербейт. Болбосо дарыгер-ортодонт тиштин артына ретейнер орнотот. Бул учурда дагы гигиенаны сактап, тишти кылдат тазалап туруу керек", — деди адис.

Ал брекетти 60 жашка чейин койдурса болорун кошумчалады.