Мэрия жол курууга тоскоол болгон үйлөрдүн тосмолорун түрттүрүп салды. Сүрөт

Мэрия жол куруу иштерине тоскоолдук жаратып, мыйзамсыз курулган объектилерди маал-маалы менен түрттүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Түлөбердиев көчөсүндө мыйзамсыз курулган чарбалык курулуштар менен тосмолорду түрттүрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган көчөнүн Махатма Ганди проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдолуп жатат. Ал эми түрттүрүлгөн объектилер (саны так айтылган эмес) кызыл сызыктан өтүп кеткени айтылды.

Эске салсак, өткөн аптада Бишкектеги Кара-Көл көчөсүндө жайгашкан №58 үйдүн дарбазасы түрттүрүлгөн. Эми ал жерге тротуарлар жана арыктар курулат.