Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу

Эки жырткычтын урушун карышкыр алыстан байкап туруп, кармаш катуулаганда жок болуп кеткендигин көрүүгө болот.
Sputnik

Канада аймагынын Британиялык Колумбия провинциясында айыгыша кармашып жаткан эки аюуну видеого тартып алышкан. Бул тууралуу NDTV жазды.

Жашыл аймактын ортосундагы түптүз асфальт жолдо эки күрөң аюунун айкыра бири-бирин жөөлөп, кээде эки буттап тура калып кармашып жатканын көрүүгө болот.

Аны канадалык Кари МакГилливрей тартып алган.

Даракты кучактап кашынып, жонун тырматкан аюунун видеосу
Эки жырткычтын урушун карышкыр алыстан байкап туруп, кармаш катуулаганда жок болуп кеткендигин көрүүгө болот.

Видео бир аюунун экинчисине үстөмдүк кыла оператор тарапка сүрүп чыгып бара жаткан жеринен бүткөн.

Бул роликти эки күндө эки миллионго жакын адам көргөндүгүн байкоого болот.

Британиялык Колумбиядагы жаратылышты коргоо кызматынын өкүлдөрү быйыл аюулардын активдүүлүгү жана адамдар менен кагылышы көп катталгандыгын айтышкан.

Адистер аймакта жашаган элди аюуларды чакыра турган таштанды менен тамак-аштын калдыктарын калтырбоого чакырышты.