БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Алматы шаарында биринчи жолу вебкам-студия табылып, кыргызстандык программист кармалды. Бул тууралуу Алматынын полиция департаменти Facebook баракчасына жазды.
Полиция студиядан виртуалдык интим кызматын көрсөткөн кыздарды жана техникалык жагын тейлөө үчүн Кыргызстандан келген программистти кармаган. Ошондой эле тинтүү учурунда процессорлор менен тематикалык атрибуттар табылган.
Полиция департаментинин жетекчисинин орун басары Данияр Мендебаевдин айтымында, вебкам-студияда кыздар үч смена менен иштеп, бардыгы жолго коюлган. Керек болсо техникалык жактан колдоо да жакшы болгон.
"Кыздар интим кызматты виртуалдык түрдө көрсөтүп турушкан. Алар дене-башын көрсөтүп, АКШ менен Европанын сайттары аркылуу түз алып берилип турган. Бул кызматы үчүн акы алышкан. Кардарлар мындай "көңүл ачууну" көрүү үчүн сервер аркылуу акча төлөшкөн. Тилекке каршы, серверлер чет жакта болгон", — деди Мендебаев.
Полициядан кабарлашкандай, кыздарды жогорку маяналуу жумуш деген кулактандыруу менен чакырышкан. Бирок иш жүзүндө айтылган көп айлыкты эч бир кыз алган эмес.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, шектүүлөрдүн бардыгы кармалды.