Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгы эл аралык фестиваль менен белгиленүүдө

Иш-чара Ош шаарында өтөт. Мааракеге карата өлкөнүн эл аралык театр фестивалы уюштурулган. Ага Кыргызстандан тышкары алты мамлекеттин өнөрпоздору катышары күтүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына карата Ош шаарында VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы башталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Өз өнөрлөрүн Кыргызстандан тышкары Азербайжан, Казакстан, Тажикстандан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген актерлор тартууламакчы.

"Фестиваль беш күнгө созулат. Ага Кыргызстандагы бардык театрлардын катышуусу күтүлүп жатат. Иш-чаранын жабылуу салтанаты 27-сентябрга белгиленген", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, КРдин эл артисти, II даражадагы "Манас" орденинин ээси, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күнгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн.