Оштун Кара-Суусунда атышуу болуп, бир киши ок жеди

Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси боюнча катталды. Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда атышуу болду. Бул тууралуу Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, милицияга атышуу тууралуу билдирүү саат 9:40та түшкөн.

"Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси боюнча катталды. Бир кишиге ок тийип, ооруканага жетирилди", — деди ал.

Учурда тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Ал эми укук коргоо органдарындагы ишенимдүү киши Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына травматикалык тапанчадан атылган ок жабырлануучунун жамбашына тийгенин билдирди. Ошондой эле жабыркаган адам милициянын мурдагы кызматкери болсо, ок аткан киши Кыргызстанга таанымал спортчу экенин кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.