Курсан Асановдун издөөдөгү баласы кайсы өлкөгө чыгып кеткени айтылды

27-август ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жардам берген деген шек менен анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Алиге Башкы прокуратура издөө жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Курсан Асановдун баласы Мухаммед-Али "Достук" чек ара көзөмөл өткөрүү посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен. Бул тууралуу Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев айтты.

Курсан Асановдун баласы туурасында Исмаил Исаков окууга кетти деген маалыматтар түшкөндүгүн айтып, суроо узаткан.

"Ал окууга кеткен эмес. Көрсөтмөлөр бар болчу, далилдер топтолгон. Суракка алып келебиз дегенде ошондой кадамга барып, качып кетип жатат да", — деди.

Эске салсак, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жардам берген деген шек менен анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Алиге Башкы прокуратура издөө жарыялаган.

Курсан Асановдун уулунун изине кантип түшүшкөн. Прокуратуранын видеосу
Курсан Асанов 8-август күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Мухаммед-Али ал буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына бермек.

27-август күнү жогоруда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 22 жаштагы уулу Мухаммед-Алини сыртынан камакка алынган.