Антибактериялык, жыпар жыттуу интим гелдерди колдонуу зыян. Мындай пикирин Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыз балага кичинекейинде памперсти көп кийгизүү көптөгөн кооптуу ооруларды чакырат.
"Кыздын тазалыгына төрөлгөндөн баштап эле көңүл буруу зарыл. Алсак, базардан сатылып алынган памперстин ордуна илгери апаларыбыз колдонгон чүпүрөк жалаяктарды колдонгон жакшы. Себеби дал ушул памперстин айынан түрдүү оорулар келип чыгууда. 40-50 жаштардагы аялдар ооруган крауроз, лейкоплакия деген илдеттер жаш кыздарда да кезигип жатат. Менин практикамда үч жашар кыз улуу аялдарда кездешчү дарт менен ооруп келген учур болгон. Ымыркайлардан сырткары аялдар жуунганда жаш балдарга арналган же кир самын колдонгон жакшы. Мындай ыкма менен күнүнө эки жолу жуунуп турса болот. Ар кандай себептерден улам айрым кыз-келиндер жыпар жыттуу интим гелдерди пайдаланышат. Аларда кошулмалар көп, демек зыяндуу. Ошол себептен колдонбой койгон эле туура", — деди адис.
Гинеколог тазалыкты сактабагандыктан жаш кыздардын арасында коркунучтуу оорулар менен жабыркагандар кездешип жатканын кошумчалады.