Баракелде! КР спортчулары грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында 11 медаль утту

Грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өттү. Эки күнгө созулган мелдеш 23-сентябрда аяктады.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 11 медаль утушту. Бул тууралуу КРдин спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Балбандар дагы кайсы турнирлерден Олимпиадага жолдомо алса болот. Тизме
Эки күнгө созулган мелдеш 23-сентябрда аяктады.

Кыргызстандыктар бир алтын (Абдурахман Муртазалиев), бир күмүш (Абдылдабек Кекенов) жана тогуз коло медаль утушкан.

Жалпы командалык эсепте кыргызстандыктар Россиядан кийин эле экинчи орунга татыган.

Грэпплинг япондордун жиу-житсу кармашынын европалык модификациясы. Ал күрөш дисциплинасынын бардык техникаларын камтыйт.