20 секунд гана беттешкен UFC мушкерине күйөрмандар таштанды ыргытты. Видео

UFC турниринде мексикалык мушкердин бармагы америкалык атаандашынын көзүнө тийип кеткен. Мындан улам мушкер бир канча убакыт өзүнө келе албай турган. Дарыгерлер аны мелдешти уланта албайт деп чечим чыгарышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мексикада өткөн UFC турниринде жаракатына байланыштуу беттешти уланта албай калган америкалык мушкер Джереми Стивенске залдагылар таштанды ыргытып, нааразычылыктарын билдиришти. Окуянын видеосун CANCHA спорттук порталы Twitter баракчасына чыгарды.

​Америкалык спортчу Стивенс мексикалык Яир Родригес менен UFC Fight Night 159 турниринин алкагында кармашкан. Анда мексикалык мушкердин бармагы атаандашынын көзүнө тийип кеткен. Мындан улам Стивенс бир канча убакыт өзүнө келе албай турган. Дарыгерлер аны мелдешти уланта албайт деп чечим чыгарышкан.

​22 миң көрүүчүнү батырган "Мехико" аренасында отургандар америкалык мушкер 20 секунд гана беттеш өткөргөнүнө нааразы болуп, ага бөтөлкө, попкорн, шире куюлган бокалдарды ыргытышкан. Стивенс залдан күзөтчүлөрдүн коштоосу менен араң чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.