Таласта №2 мектепке ашкана салынып, ысык тамак бериле баштады. Видео

Талас шаарынын Раиса Рысакова атындагы №2  мектепте кыргыз өкмөтүнүн "Мектеп тамагын оптималдаштыруу" долбоору иштеп жатат. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) жана Россиянын жардамы менен ишке ашты.
Sputnik

Тагыраак айтканда, Россия өкмөтү Кыргызстандагы окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн жабдууларды сатып алып берген. Ал эми БУУ ДАТП мектептерде экономикалык натыйжалуу жана туруктуу тамактандыруу моделдерин иштеп чыккан. Жергиликтүү бийлик болсо жаңы, заманбап ашкана курган.

Жума күнү Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли менен аталган мектепке барышты.

"Бул мектепте окуучуларга тамак берүү кандай уюшулганын көрүп турам. Балдар ыраазы, жүздөрүнөн жылмаюу, бактылуулук байкалат. Мындай тамактануудан кийин алар кызыгуу менен окуп, чоң ийгиликтерге жетишери анык. Россия Кыргызстандагы ушул сыяктуу долбоорлорго жылына 7-8 миллион доллар бөлөт. Ал эми 2009-жылдан бери 70 миллион доллардан ашык колдоо көрсөттү", — деди Удовиченко.

Раиса Рысакова атындагы №2 мектепте 1720 окуучу билим алат. Анын ичинен 728 балага ысык тамак берилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Мектеп тамагын оптималдаштыруу" долбоору 639 мектепке киргизилген.