БИШКЕК, 22-cен. — Sputnik. Россиянын маданият кызматкерлери канча пенсия аларын "Известия" жазып чыкты.
Маданият ишмерлеринин катарында актерлор, ырчылар, бийчилер жана алып баруучулар бар.
Тизме:
- Россиянын эмгек сиңирген артисти, 79 жаштагы Светлана Светличная — 50 миң рубль;
- СССРдин эл артисти, 70 жаштагы ырчы Алла Пугачева — 47 миң рубль;
- Россиянын эмгек сиңирген артисти, 57 жаштагы Алена Свиридова — 41 миң рубль;
- Атактуу алып баруучу, 82 жаштагы Николай Дроздов — 30 миң рубль;
- 55 жаштагы ырчы Лолита — 21 миң рубль;
- 57 жаштагы алып баруучу Роза Сябитова — 14 миң рубль;
- Балет жылдызы, 45 жаштагы Николай Цискаридзе — 12,1 миң рубль.