Кыргызстандыктардын никеге турган курагы кандай өзгөргөн? Жылдардын графиги

Улуттук статистикалык комитети 2000-жылдан берки маалыматтарды чогулткан. 2018-жылкы билдирүүгө ылайык, кыргызстандыктардын көбү 27,2 жашында үйлөнсө, кыздар 23,6 жашында турмушка чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 2000-жылдан бери турмуш курган кыргызстандыктардын орточо курагы кантип өзгөргөнүн Улуттук статистикалык комитети маалымдады.

Кеп кыргызстандыктар канча жашында үйлөнүп же турмушка чыгары тууралуу болууда. 

Статкомдун маалыматына таянсак, 2000-жылы эркектердин көбү 25,6 жашында үйлөнсө, кыздар 22,4 курагында турмушка чыккан. Ал эми 2018-жылы эркектердики 27,2, ал эми кыздардыкы 23,6 жашты түзгөн.

Белгилей кетсек, башка жылдары орточо курак төмөндөп кеткен.