Мелания Трамп тасманы кесе албай оңтойсуз абалда калды. Видео

Жордж Вашингтондун жалаң таштан жасалган 169 метрлик эстелиги 2016-жылдан бери реставрацияланып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШнын Вашингтон шаарында Жорж Вашингтондун эстелигин ачуу маалында Мелания Трамп ыңгайсыз абалда калды. Бул тууралуу Washington Examiner басылмасы жазып, окуянын видеосун Twitter баракчасына жарыялады.

​Жорж Вашингтондун эстелиги 2016-жылдан бери реставрацияланып жаткан. Ал жалаң таштан жасалып, бийиктиги 169 метрди түзөт.

Чоочун эле бирөө го? Мелания Трампты окшоштура албай убара болгондор. Сүрөт
Видеодон АКШнын биринчи айымы чоң кайчы менен тасманы кесип жатканын, бирок ал толук кесилбей калганын көрүүгө болот. Мелания Трамптын жанындагылар анын колундагы чоң кайчыны кесилбей калган тасма менен кошо ары жакка алып коюшкан.

Эстеликтин ачылыш аземине биринчи айымдан тышкары шаардын жетекчилери менен мектеп окуучулары да катышкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.