БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунан эки автоунаа кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Төрт киши ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жерге ылдамдыкты чектей турчу атайын дөңсөө орнотулган болчу.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.