Облус, шаарлардын парады, эстафета. Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи видеодо

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары (УКО) Талас облусунда өттү. Оюндар 16-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин созулду. Ага өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарлары катышты.
Sputnik

Кечээ "Манас-Ордо" комплексиндеги ипподромдо УКОнун жабылыш аземи болду. Салтанатка Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Ошондой эле ар дубандан келген 10 миңдей адам көрүүчү болуп отурду.

3000 орундукка ылайыкташкан ипподромго эл батпай, эки четине жык-жыйма болуп толду. Кире албай калгандары сырттагы экрандан көрүштү.

"Манас Ордого" 300 боз үй тигилди. Көчмөндөр оюндарынан кызыктуу кадрлар
Алгач облус, шаарлардын делегациялары салтанаттуу жүрүштөн өттү. Анын курамына ар бир аймактын көрүнүктүү спортчулары, маданият ишмерлери кирип, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү, мэрлер жетектеп басты. Андан соң президент сөз сүйлөп, иш-чараны ачып бергенден кийин өнөрпоздор Манастын Алтайдан Ала-Тоого көчкөн учурун сахналаштырып көрсөтүштү.

Соңунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев экинчи Улуттук Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевге тапшырды. Эми кийинки оюндар 2021-жылы ордолуу Ош аймагында өтөт.

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда болмокчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.