Энесин жонуна көтөргөн жигит. Көчмөндөр оюндарынан 15 сүрөт

Sputnik

Кечээ "Манас-Ордо" комплексиндеги ипподромдо УКОнун жабылыш аземи болду. Салтанатка Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Ошондой эле ар дубандан келген 10 миңдей адам көрүүчү болуп отурду.

3000 орундукка ылайыкташкан ипподромго эл батпай, эки четине жык-жыйма толду. Кире албай калгандары сырттагы экрандан көрүштү.

Чүйдүн жеңиши, Оштун таң калтырган улакчылары. Көк бөрү финалынан видео
Алгач облус, шаарлардын делегациялары салтанаттуу жүрүштөн өттү. Анын курамына ар бир аймактын көрүнүктүү спортчулары, маданият ишмерлери кирип, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү, мэрлер жетектеп басты. Андан соң президент сөз сүйлөп, иш-чараны ачып бергенден кийин өнөрпоздор Манастын Алтайдан Ала-Тоого көчкөн учурун сахналаштырып көрсөтүштү.

Соңунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев экинчи Улуттук Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевге тапшырды. Эми кийинки оюндар 2021-жылы ордолуу Ош аймагында өтөт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
1 / 15
Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда өттү
2 / 15
Оюндардын жабылышындагы салтанаттуу азем облус, шаарлардын делегацияларынын парады менен башталды
3 / 15
3000 орундукка ылайыкташкан ипподромго эл батпай, эки четине жык-жыйма толду. Кире албай калгандары сырттагы экрандан көрүштү.
4 / 15
Салтанаттуу жүрүшкө чыккан делегациялардын курамына өз аймагынын мыктылары, маданият, спорт жаатында ийгиликке жетишкендер киргизилген
5 / 15
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбор калаанын командасын жетектеп бара жатат
6 / 15
Салтанатка Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Мамлекет башчы Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.
7 / 15
Өнөрпоздор "Манас" эпосу боюнча театралдашкан оюн-зоок жана концерттик программа тартуулашты
8 / 15
Келген коноктор Манастын Алтайдан Ала-Тоого көчкөн учурун көрө алышты
9 / 15
Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук спорттун сегиз түрү боюнча мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган
10 / 15
Улгайган апасын жонуна көтөрүп бара жаткан жигит
11 / 15
Каскадерлор ат жалында ойноп кыргыздын баатырларын даңазалашты
12 / 15
Сахнаны көркүнө чыгарып жайкала бийлеген бийчи кыздар
13 / 15
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев экинчи Улуттук Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевге тапшырды
14 / 15
Кийинки оюндар 2021-жылы күзүндө ордолуу Ош аймагында өтөт
15 / 15
Соңунда кыргыздын канына сиңген мукамдуу ырлар жаңырды. Жабылыш аземине арналган салтанат 2,5 саатка созулуп, кечки саат 22.00дө жыйынтыкталды.