Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +20...+25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Нарында +22...+27 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Ошто +28...+30, борбор калаада +23...+25 градуска жетери болжолдонду.