Таластын көк бөрүчүлөрү Бишкекти утуп, 3-орунга ээ болушту. Сүрөттөр

Талас облусунун улакчылары Бишкек шаарынын командасын ат чабым артта калтырып койду. Финалдык беттеш да бүгүнкүгө белгиленген. Анда Чүй менен Оштун командалары ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-cен. — Sputnik. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү мелдешинде Талас облусу үчүнчү оорунду алды.

Аталган команда бүгүн Бишкек шаарынан келген улакчылар менен беттешти.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси: көк бөрүгө кызыгам, ал күчтүү адамдардын оюну
Оюндун биринчи бөлүгү 4:0 эсеби менен Таластын пайдасына чечилди. Экинчи бөлүктө да Бишкек эсеп санын ача алган жок, андан ары жогорулап 8:0 менен бүттү. Үчүнчү бөлүгүндө гана эки салым жасоого үлгүрдү.

Натыйжада 11:2 эсеби менен Талас облусу жеңишке жетип, 3-орунду камсыздады.

Мындан соң Чүй облусу менен Ош облусунун командалары финалдык беттешке чыгат.

Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сом.

Ал төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • 1-орунга — 300 миң сом;
  • 2-орунга — 200 миң сом;
  • 3-орунга — 100 миң сом;
  • 4-орунга — 50 миң сом;

5-9-орундарга 30 миң сомдон берилет.