Тери оорусуна кабылган Кардашьян дартынын белгилерин көрсөттү. Сүрөт

38 жаштагы Кардашьян азыр кандай болсо, өзүн дал ошондой кабыл аларын, кийинчерээк мындан тартынып, жашырбай деле калганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Америкалык теле жылдыз Ким Кардашьян макияжы жок селфисин инстаграм-аккаунтка жарыялады.

Сүрөттөн бетинде, чекесинде, ээгинде кызыл тактарды көрүүгө болот.

Кардашьян бул илдет менен 13 жыл мурда ооругандыгын айтып, дартка суукка урунуп, сасык тумоосу өтүшүп кеткенден кийин чалдыккандыгын билдирген. Айтымында, аракет кылып жок кылганы менен псориаз кайрадан эле пайда болуп калат.

Улутту сыйлабастык дешти. Кардашьян япондордун ачуусун келтиргенде
38 жаштагы бул атактуу аял анткени менен азыр кандай болсо, өзүн дал ошондой кабыл аларын, кийинчерээк мындан тартынып, жашырбай деле калгандыгын кошумчалаган.

Буга чейин Кардашьян псориаздын белгилери бар видеону жарыялаган, анда жаагындагы гана кызыл темгилдер байкалган.

Псориаз — биринчи иретте терини жабыркаткан өнөкөт оору. Бул аутоиммундук оору деп эсептелет. Адатта ал кызарып, өтө кургак болгон териде пайда болот.